Садыр Жапаров өлкөдө экономикалык амнистия жарыялады

Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап,коррупционерлерге акчаны кайтарууга бир ай убакыт берди.

21 Ekim 2020 16:00

Садыр Жапаров өлкөдө экономикалык амнистия жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы анын кайрылуусун таркатты.

«Ушул күндөрү мамлекеттик бийлик бутактарына олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат. Анын ичинде президенти жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан мага өтө чоң жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктар берилди. Мындан улам, бизге ишеним арткан жалпы журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарыялайм», — деп жазылган кайрылууда.

Садыр Жапаровдун айтымында, анын максаты: мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу, өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу, оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү, көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу, ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү, макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү, өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу жана мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө.

Жапаров бул иштерди аткаруу үчүн 30 жылдан берки коррупционерлерге, мамлекеттин байлыгын ордуна коайтарууга 30 күн убакыт берерин билдирген. 

Эгерде коррупционерлер айтылган мөөнөттө мамлекеттен казынасынан алган байлыктарды кайтарса, административдик жана экономикалык кечиримдер болорун маалымдаган.

Жаңылыктар