Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берди.  

16 Kasım 2020 12:35

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берди.  

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө жана президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун өткөрүп бергендигине байланыштуу, Конституцияга ылайык, өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытовго өттү. Мамытов өз кайрылуусунда Эң башкы милдети — 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү экенин баса белгиледи.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясына 65 талапкерден документтер келип түшкөнү малым болду.

Эскерте кетсек, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен.

Жаңылыктар