Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодон кийин журналисттердин суроосуна жооп берди

Садыр Жапаров 3-4 жылдан кийин өлкөнү кризистен чыгарууга убуда берди.

11 Ocak 2021 13:45

Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодон кийин журналисттердин суроосуна жооп берди. Өз сөзүндө анын талапкерлигин колдогондорго ыраазычылык билдирип, өлкө жыргалчылыгы үчүн иштөөгө убада берди. Ошондой эле мамлекетти жетектеп турган учурда корупцияга каршы күрөшөөрүн баса белгиледи.

«Мурдагы бийликтин катасын кайталабайбыз»

Садыр Жапаров өз сөзүндө, өлкө экономикасы, саясий кырдаал өтө оор мезгилге туш келген учурда бийлик башына келип жатканын айтты. 30 жылдан бери үйүлүп калган экономиканы калыбына келтирүү үчүн 1-2 жыл жетишсиз экенин баса белгиледи. Бирок ошентсе да жакынкы аралыкта экономикалык абалды жөнгө салып, 3-4 жылдан кийин өлкөнү кризистен чыгарууга убуда берди. 30 жылда калыптанып калган кррупцияны жеңүү керектигин баса белгиледи. «Биз мурдагы бийликтин катасын кайталабайбыз. Баары ачык болот. Өкмөттүн эшиги эл үчүн дайым ачык. Саясий куугунттукка жол бербейбиз. Өлкө үчүн зыян келтиргендер мыйзам алдында бирдей жоопкерчилик тартууга тийиш. Биз эски бюрократ саясатчылардан тазаланышыбыз керек. Бул жалпы элдин талабы", - деди ал.

Жапаров, өзүнүн атаандаштарына таарынбаарын жана кек сактабаарын, тескерисинче бардык саясий күчтөрдү бириктирүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров, Түркия менен Кыргызстан ортосундагы мамилени мындан дагы өнүктүрүүгө ынтызар экенин баса белгиледи. Бул үчүн болгон аракетин жумшаарын айтты.

 Белгилей кетсек, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. КР Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда Садыр Жапаров 79,18% добуш менен сап башында келе жатат.

Жаңылыктар