Садыр Жапаров премьерликти тапшырды, өкмөттүн азыркы курамы кызматтан кетти

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялаганына жана анда шайланган президент Садыр Жапаровдун премьерлик кызматын тапшыруу боюнча берген арызынын негизинде 3 ай мурда түзүлгөн өкмөттүн курамы да кызматтан кетти.

22 Ocak 2021 14:19

Президенттин милдетин аткарып жаткан парламенттин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын негизинде Жапаровдун арызын кабыл алып, аны кызматынан бошоткон. Жарлыкка ылайык, мындай жагдайда өкмөттүн курамы да кызматтан кетти деп эсептелет.

Отставкага кеткен өкмөт жаңы курам түзүлгүчө кызматтык милдеттерин аткара берет. Ал эми премьер-министрдин милдетин шайлоо өнөктүгүнөн бери аткарып келаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков улантат.

2021-жылдын 28-январында президенттин кызматка киришүү аземи өтөт

21-январда шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, президенттин инаугурациясына даярдык көрүү башталды. Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Ага байланыштуу 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлүп, иштеп жатат.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциялары жапырт тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда Садыр Жапаровду тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алышкан. Ал 16-октябрда өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

Президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктан былтыр 14-ноябрда өлкө жетекчисинин милдетин аткаруу кызматын тапшырып, премьер-министрликти убактылуу токтоткон.

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү өткөн. Шайлоочулардын 79,20 пайыз добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланган.

 

Жаңылыктар