Садыр жапаров президенттик кызматка расмий киришти

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.

30 Ocak 2021 22:22

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.

Тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт

Ант берүү иш чарасында сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров Казакстанды жана Өзбекстанды тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Ошондой эле президент тышкы саясатта Туркиянын ролу чоң экенин айтып, эки өлкө ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты өнүктүрүү зарыл экенин белгиледи.

Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы деген Жапаров, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу – тышкы саясатыбыздын приоритети экендигин айтты.

Жаңылыктар