Садыр Жапаров Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефондук сүйлөшүүсү болду.

23 Aralık 2021 21:38

Сүйлөшүү жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин жылуу куттукташты.

Президент Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп жана элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин канаттануу менен белгиледи.

«Түркия биз үчүн боордош мамлекет, ишенимдүү дос, ошондой эле мезгил сынагынан өткөн өнөктөш. Кыргызстан Түркия менен мамилеге өзгөчө маани берет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде президент Режеп Таййип Эрдоган 2021-жылы кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун белгиледи.

Буга байланыштуу ал стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 2021-жылдын июнь айында өткөн жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара күч-аракетти жумшоону сунуштады.

Түрк лидери 2022-жылы боло турган Кеңештин кийинки жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келүү ниетин билдирди.

Anahtar Kelimeler: Эрдоган, Жапаров,

Жаңылыктар