Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Бинали Йылдырымды кабыл алды.

22 Mart 2022 18:37

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды кабыл алды.

Жолугушууга Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана урбанизация  министринин орун басары Мужахит Демирташ да катышты.

Мамлекет башчысы Бинали Йылдырымды Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы ардактуу кызматына шайланышы менен куттуктады жана ага Кыргызстанга жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүн оң баалап, уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кыргыз тараптын даярдыгын ырастады. Ал Бинали Йылдырымды Кыргызстандын Түрк Инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштыруу демилгесин колдоого чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистика, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түрк кызматташтыгын активдештирүү маселесин да талкуулады.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш катары бир тууган эки элдин кызыкчылыгында көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшоосу керектигин белгиледи.

Ал эми ТМУ Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым Мамлекет башчысына жылуу кабыл алуусу жана анын учурдагы ишине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде ал Президент Садыр Жапаровго Түркия Президенти Режеп Таййип Эрдогандын саламын айтты.

Бинали Йылдырым Садыр Жапаровго ТМУнун Аксакалдар Кеңешинин негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын кийинки жыйынын ушул жылдын июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Ошону менен бирге, ал ТМУнун Аксакалдар Кеңеши Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын өткөн жылдагы Саммитинин чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтөөрүн, анын ичинде Түрк инвестициялык фондун эртерээк түзүү маселеси да бар экенин белгиледи.

Anahtar Kelimeler: Бинали Йылдырым, Садыр Жапаров, ТМУ, Аксакалдар кеңеши,

Жаңылыктар