Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы  элчисинин ишеним грамотасын кабыл алды 

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы  элчиси Ахмет Садык Доган президент Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды.

17 Mayıs 2021 12:30

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Түркия Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Венгриянын, Афганистан Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Аземге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеев катышты.

Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган ишеним грамотасын тапшырып жатып, кыргыз тилинде кайрылуу жасады.

Ишеним грамоталарын кабыл алган соң, мамлекет башчысы ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, алар менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.

Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, аларга Кыргызстандагы ишинде алдыга койгон бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз Республикасы, Түркия, Садыр Жапаров, Ахмет Садык Доган,

Жаңылыктар