Садыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Антикоррупциялык кызматын жоюу жөнүндө" жарлыкка кол койду.

25 Haziran 2021 18:01

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматын жоюу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Мамлекет башчысы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда жакында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирген.

Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири экени белгиленген.

Ушул Жарлыкты аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүү тапшырылды.

Белгилей кетсек Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында Антикоррупциялык кызмат 2011-жылдын 14-декабрында Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн. 

Антикоррупциялык кызматтын милдети болуп саясый жана жогорку администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, укук коргоо, сот органдарында, башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштеген адамдарга, ишмердүүлүгү мамлекеттик бюджеттен финансыланган же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциялар) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине карата коррупциялык кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу, табуу, ошондой эле мыйзам менен аныкталган учурларда иликтөөлөр саналаары белгиленген.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 14-октябрда УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойгон. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган.

 

 

Anahtar Kelimeler: Садыр Жапаров, Жарлык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети,

Жаңылыктар