Садыр Жапаровго Анкарада «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлиги (СПТББ) тарабынан «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды.

10 Haziran 2021 14:14

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Наам салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.

«Биз Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоону каалайбыз жана бул үчүн колубуздан келгее аракеттиин баарын жасайбыз деп айткым келет. Учурда эки өлкө ортосундагы кызматташтык ар кыл багытта өнүгүүдө»,-деп белгиледи ал.

Өз кезегинде соода-экономикалык кызматташтыкка басым жасап, Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шартттар түзүлгөндүгүн кошумчалады. Түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

TOBB президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым эки тараптуу достук мамилелер болорун белгиледи.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан СПТББнын Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Ардактуу профессор,

Жаңылыктар