Самарканд шаары–түрк-ислам цивилизациясына таандык баалуулуктарга бай шаар

Өзбекстандын Самарканд шаарында миңден ашуун тарыхый жана маданий баалуулуктар бар

15 Nisan 2022 11:35

Түрк-ислам цивилизациясынын маанилүү эмгектери жайгашкан Самарканд Өзбекстандын экинчи чоң шаары.

Самарканд шаары бүгүнкү күнгө чейин Батыш Карахан, Шейбани жана Тимурийлердин борбору болгон. Орто кылымда курулган көк күмбөздүү мечиттери жана медреселери, укмуштуудай кооз кербен сарайлары жана баа жеткис мунаралары менен көргөндөрдү суктандырат.

Тарых бою Жибек Жолундагы бул легендарлуу шаар өсүп-өнүгүү мезгилин баштан кечирип, улам жанданып, көрктүү шаарга айланган.

Батышка, Персияга, чыгышка, Кытайга, түштүккө, Индияга соода жолдору ушул жерден кесилишип турган. Улуу Жибек Жолундагы стратегиялык ири мааниге ээ шаар болгон.

Самарканд шаары орто кылымдарда дүйнөнүн илимий борборлорунун бири болгон. Жүздөгөн изилдөөчүлөр Самарканддагы медреселерде уникалдуу эмгектерди жаратышкан.

Самаркандда Орто Азиядагы түрк архитектурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнүн бири болгон Регистан аянты, Мухаммед пайгамбардын аталаш агасы Кусем бин Аббастын сөөгү көмүлгөн Шахи-Зинде комплекси, Тимур империясынын негиздөөчүсү Эмир Тимурдун күмбөзү, орто кылымдагы белгилүү обсерваториялардын бири болгон Улугбек обсерваториясы,  Биби Ханым медресеси, 712-жылы курулган Борбор Азиядагы алгачкы мечит Хазрет Хызыр мечити сымал жүздөгөн тарыхый жана маданий имараттар жайгашкан.

Бүгүн Самарканд - кайталангыс илгерки рухтун кенчи.

Байыркы архитектуранын уникалдуу эстеликтери, илимий жана көркөм сүрөт окуу жайларынын мурастары, кол өнөрчүлөрдүн устканалары дүйнө жүзүнө белгилүү.

Материалдык жана руханий баалуулуктардын көптүгүнөн ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Anahtar Kelimeler: Самарканд шаары, Өзбекстан,

Жаңылыктар