Самарканд шаарындагы уникалдуу эстелик: Бүбүханым мечити

Бүбүханым мечити Ислам дүйнөсүндөгү эң чоң мечиттердин катарын толуктап, Орто Азиянын орто кылымдагы архитектуралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет. 

30 Nisan 2021 01:35

Бүбүханым мечити – Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбекстан Республиканын Самарканд шаарында жайгашкан. 1399–1404-жылдары Амир Темирдин Индостандагы (Индия) жеңишинин урматына салынган.

Бүбүханым Амир Темирдин жубайы болгон. Амир Темир мечиттин курулушун өзү көзөмөлдөгөн.

Эстелик бийик мунаралуу дубалдар менен айланта курчалган. Имараттын сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру жана бийик, төбөсү кумпа.

Эстелик чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, мозаикалар менен кооздолгон.

Бүбүханым мечити Орто Азиянын орто кылымдагы архитектуралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет. 

XX кылымдын аягынан тарта  Бүбүханым мечити бир нече жолу жаңыланган. Имаратты жаңылоого чебер усталар тартылган.

Anahtar Kelimeler: Бүбүханым мечити, Самарканд, Өзбекстан,

Жаңылыктар