Сарагт Бабаев – Түркмөнстандык легендарлуу скульптор

Түркмөнстандын тарыхында Гиннестин рекорддор китебине кирген «Огузхан жана анын уулдары» эстелиги Сарагт Бабаевге таандык.

09 Nisan 2022 18:38

 

Сарагт Бабаев 1970-1974-жылдары Түркмөн мамлекеттик жеке сүрөт окуу жайынын скульптура бөлүмүндө, 1974-1980-жылдары Москвада окуган. Ал өзүнүн алгачкы чыгармаларын портрет жанрына арнаган.

«Эне», «Түркмөн кызы», «Жигиттин портрети» жана башка көптөгөн эмгектери анын улуттук мүнөздөгү чеберчилигин көрсөтүп турат.

Скульптор идеалды идеалдаштырбастан, портреттеринде чыныгы сулуулукту конкреттүү реалисттик формаларда кандай болсо, ошондой көрсөтүүгө аракет кылат.

Анын Орусияда, Украинада, Өзбекстанда жана Түркияда маанилүү эмгектери бар. Анкар шаарында “Махтумкулу Фираки” эстелиги ага таандык.

Ашхабадд шаарындагы Эгемендүүлүк паркындагы түркмөн элинин тарыхый инсандарынын айкелдери, Эгемендүүлүк айкели, Илхам паркындагы илимпоздордун айкелдери, Түркмөн жылкыларынын айкели, Алпарслан, Көроглу жана Каражаогландын айкелдери анын эң маанилүү эмгектери болуп эсептелет.

Сарагт Бабаев учурда Түркмөнстандын көркөм сүрөт окуу жайында сабак берип, шакирттерин тарбиялоодо.

Ал «Мекенди сүйгөндүгү үчүн», «Мээнет», «Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгы», «Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы» медалдары жана «Өнүгүү» ордени менен сыйланган.

Ошондой эле Түркмөнстандын мамлекеттик жана эл аралык «Махтумкулу» сыйлыгынын ээси.

«Түркмөндөрдүн алтын кылымы» жана «Түркмөн жылкысынын эң мыкты айкели» сынактарынын көп жолку жеңүүчүсү.

Anahtar Kelimeler: Сарагт Бабаев,

Жаңылыктар