Сауран-Казакстандагы байыркы шаар

Түркстандан 30 чакырым түндүк-батышта жайгашкан байыркы Сауран шаары VII кылымда салынган.

31 Temmuz 2021 22:27

Байыркы Сауран шаары VII кылымда салынган. Шаар туралуу маалыматтар X кылымдан эскерилет. Сырдарыянын жээгинде жайгашкан байыркы шаар адеп дегенде эле стратегиялык мааниге ээ болуп, соода борборлорунун бирине айланган.

Шаар XIII кылымда Ак Орданын борбору болгон.

XIV кылымдын аяк чендеринде Эмир Тимурдун буйругу менен аскердик чепке айландырган.

Тарыхта Сауран шаары үчүн казак менен өзбек хандарынын ортосунда көптөгөн кандуу согуштар болуп турган.  XV кылымдын аягы менен шаар толук түрдө Казак хандыгынын карамагына өтүп, негизги борборлордун бирине айланган.

Сауран шаары руханий жактан да ири мааниге ээ. Алсак, казак жергесинде ислам дининин жайылышында Сауран шаарындагы чоң мечиттин ролу чоң болгон.

Сауран шаары XVII кылымдын аягы XVIII кылымдын башы менен мурунку маанисин жоготуп, XIX кылымдын башында кыйраган.

Улуу Жибек Жолунун жээгинде жайгашкан Сауран шаарынын казак тарыхындагы оорду чоң.

Anahtar Kelimeler: Сауран шаары, Казакстан,

Жаңылыктар