Селим Сырры Таржан – Түркиядагы олимпиадалык спорттун көч башы

Түркияда олимпиадалык спорттун көч башы катары таанылган Селим Сырры Таржандын элеси унутулбайт

04 Mart 2022 18:30

Селлим Сырры Таржан 1874-жылы азыркы Грециянын аймагындагы Енишехирде (Ларисса)  туулган.

Атасы Юсуф Бей 1876-жылы Черногория согушунда курман болгон. Кичинекей Селим 2 жашар кезинде атасынан ажырап, апасы менен Стамбулга көчүп келип, таекеси менен чоогу жашай баштаган. Көп өтпөй таекеси  сүргүнгө айдалган.

Таекеси сүргүнгө айдалган соң, Галатасарай лицейине тапшырган. Лицейде окуп жүргөн кезинде Али Фаиктен гимнастика боюнча сабак алган.

Лицейди аяктаган соң аскердик инженердик окуу жайга тапшырган.

Окуу жайды бүтүргөн соң Измир шаарында дене-тарбия сабагынын мугалими катары алгачкы эмгек жолун баштаган.

Измирде иштеп жүргөн кезинде теннис, оор атлетика, диск ыргытуу, бокс, күрөш, сууда сүзүү, велоспорт, футбол ж.б. спорттун түрлөрү менен машыккан.

Осмон дөөлөтүнүн улуттук олимпиадалык коомун түзгөн жана коомду Эл аралык олимпиадалык комитетке мүчө кылган

Селим Сырры Таржан Осмон дөөлөтүнүн улуттук олимпиадалык коомун негиздөөчүсү катары тарыхта өз изин калтырган улуу инсан.

Измирден Стамбулга кайтып келген Селим Галатасарай лицейинин француз тили мугалими Монсиер Жуери менен дос болгон. Ал учурда Селим Техникалык университетте гимнастика боюнча сабак берип жүргөн.

Досу Жуери аркылуу Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Барон Пьер де Кубертен менен таанышкан. Барон Пьер де Кубертен Таржанды Олимпиада комитетинин Осмон империясындагы өкүлү кылып дайындаган. Ал жылдары Осмон дөөлөтүндө коом түзүүгө тыюу салынган.

Султан II. Абдүлхамит 1908-жылдын 24-июлунда Экинчи конституциялык монархияны жарыялагандан кийин спорттук коом түзүү либералдаштырылган. Селим Сырры Таржан Осмон дөөлөтүнүн улуттук олимпиадалык коомун түзүп, төрагалыкка журналист Ахмет Ихсан Токгөз шайланган. Өзү коомдун башкы катчысы катары кызмат өтөгөн.

Селим Сырры Таржан 1908-жылы Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1909-жылы Берлинде өткөн Олимпиада оюндарына Осмон дөөлөтүнүн атынан катышкан.

1911-жылы Осмон империясы расмий түрдө Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Түркияда волейбол жана бокстун негиздөөчүсү

Селим Сырры Таржан Түркияда волейбол жана бокстун негиздөөчүсү болгон.

Ошондой эле 58 китеп жана 2500 макала жазган.

1520 конференцияга катышып, тажрыйбасы менен бөлүшкөн.

Түркиянын Улуттук олимпиадалык комитетине 4 жыл төрагалык кылган

1923-жылдын 29-октябрында Түркия Республикасы негизделген. Селим Сырры Таржан жаңы комитетти аныктап, 1923-жылдын 2-ноябрында Түркиянын Улуттук Олимпиадалык комитетинин алгачкы жыйыны өткөн. Ошентип расмий түрдө  Түркиянын Улуттук Олимпиадалык комитети түзүлгөн.

Селим Сырры Таржан 1923-1927-жылдары Түркиянын Улуттук Олимпиада комитетинин (TMOK) төрагасы болуп иштеген.

Ал саясат менен да алектенип, эл өкүлү болуп шайланган.

1957-жылдын 2-мартында Стамбул шаарында дүйнөдөн кайткан.

Anahtar Kelimeler: Селим Сырры Таржан, Түркия,

Жаңылыктар