Селжук районундагы Эфес байыркы шаарында хет цивилизациясына таандык табылга табылды

Измир облусуна караштуу Селжук районундагы археологиялык казуу иштеринде 3200 жылдык Микен статуэткасы табылды

17 Haziran 2022 20:06

Селжук районундагы Аясулук дөбөсүндө Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси, Түрк тарых коому жана Измир шаардык муниципалитетинин колдоосу менен арехологиялык казуу иштери жүргүзүлүүдө. Казууларда табылган табылгалар тарыхтын улам жаңы барагын ачып берүүдө.

Хатайдагы Мустафа Кемал университетинин искусство тарыхы бөлүмүнүн окутуучусу доц. докт. Синан Мимароглунун жетекчилигинде жүргүзүлгөн казуу иштери алкагында, коло дооруна таандык керамикалык буюмдар жана узундугу-туурасы 5 сантиметрге жеткен Микен статуэткасы табылды. Аны иликтеген 25 илимпоз, Аясулук дөңсөөсүндө коло доорунда эл отурукташкан деген бүтүмгө келишти.

Selçuk'ta, Efes'i Hitit uygarlığıyla buluşturan kanıtlar bulundu

Мөөр изделүүдө

Синан Мимароглунун айтымында буга окшошгон тарыхый табылгалар Батыш Анадолу аймагынын 5 жеринде табылган.

Микен статуэткасы биздин заманга чейинки 1200-жылга таандык.

Бул табылга Аясулук дөңсөөсү тарыхтагы Аппасас шаары болгон деген ишенимди бекемдейт.  Белгилүү болгондой Аппасас шаары Хеттердин доорунда борбор шаар болгон.

Микен статуэткасы коло доорунда Аясулук дөңсөөсүндө конуш болгонун далилдейт. Анткен менен Аясулук дөңсөөсү тарыхтагы Аппасас шаары болгон деп так кесе айтуу мүмкүн эмес. Аны далилдөө үчүн ошол доорго таандык мөөрлөрдү табуу зарыл. Эгер казуу иштеринде мөөрлөр табылса жана аларда «Аппасас» деген жазуу бар болсо, анда Аясулук дөңсөөсү тарыхтагы Аппасас шаары болгон деп так кесе айтууга болот.

Selçuk'ta, Efes'i Hitit uygarlığıyla buluşturan kanıtlar bulundu

Эфес биринчи жолу ушул жерде негизделген

Аясулук дөңсөөсү коло доорунда маанилүү борборлордун бири болгон.

Эфес биринчи жолу ушул жерде негизделген.

Деңиз жээгинде жайгашкандыктан соода-сатык өнүккөн.

Selçuk'ta, Efes'i Hitit uygarlığıyla buluşturan kanıtlar bulundu

Аясулук дөбөсү Селжук шаарынын борборунда, байыркы Эфес шаарынан болжол менен 3 километр алыстыкта жайгашкан.

Дөбөдө 9000 жыл бою адамдар отурукташкан.

Сежчук-Эфес 1304-жылы түрктөрдүн карамагына өткөн.

Жаңылыктар