Селжуктардын мурасы: Султан Санжардын күмбөзү

Ысымы тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган Селжуктардын султаны Султан Санжардын күмбөзү Түркмөнстандын Мерв (Мары) шаарында орун алган.

14 Ağustos 2021 23:28


Санжар султан (1086 — 1157) – Селжуктар мамлекетинин даңазалуу башчыларынын бири, аскер башчы жана мамлекет башчы болгон. Ал Улуу Селжук дөөлөтүнүн акыркы султаны катары 39 жыл мамлекетти башкарган.

Күмбөздүн качан салынып бүткөнү белгисиз. Бирок айрым маалыматтарда 1153-1157-жылдары салынган деп айтылып жүрөт.

Архитектору Мухаммад бин Атсыз.

Султан Санжар күмбөзү – Селжук архитектурасынын уникалдуу үлгүлөрүнүн бири. Күмбөздүн курулушунда колдонулган ыкма өзгөчө болгон.

Санжар султандын күмбөзүн 13-кылымдын башында Борбордук Азияга басып кирген монголдор кыйратып салган. Мүрзөнүн айланасындагы архитектуралык курулуштар талкаланып, анын сырткы куполу кулап түшкөн.

Кийинчерээк бир канча ирээт оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн.

2002-жылы күмбөздү калыбына келтирүү иштери башталып, 2004-жылдын июль айында аяктаган. Күмбөздү калыбына келтирүү ишин Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги (ТИКА) жүргүзгөн.

Anahtar Kelimeler: Султан Санжардын күмбөзү, Түркмөнстан,

Жаңылыктар