Серахс-Түркмөнстандагы тарыхый шаар

Түркмөнстандын түштүгүндө, Тежен дарыясынын ортоңку бөлүгүндө жайгашкан Серахс шаары Хорасан аймагындагы байыркы шаарлардын катарын толуктайт.

26 Haziran 2021 08:58


Серахс-Борбор Азия аймагындагы эң байыркы шаарлардын бири. Улуу Жибек жолунун боюнда жагашкандыктан кылымдар бою стратегиялык ири мааниге ээ болуп келген. XI кылымдын баш чендеринде Газневий мамлекетине кошулган.

1035-жылы Селжуктар Хорасанга көчүп барганда эң эле алгач Серахс жана анын айлансына отурукташкан.

Шаар 1038-жылы толугу менен Селжук династациясынын карамагына өткөн. Кийин Селжук мамлекети үчкө бөлүнүп кеткен соң, Хорасандагы Селжук султандыгынын борборуна айланган.  

Серахс тарыхтагы гүлдөп өнүккөн шаарлардын бири болуп, илимдин очогуна айланган. Чыгыш илимин жана маданиятын даңазалаган илимпоздор дал ушул шаардан чыккан. Алардын айрымдары; Ибн ат-Тайиб ас-Серахси, Ахмад ас-Серахси, Локман Серахси, Абдуррахман ибн Мухаммад Серахси.

Селжуктар мамлекеттинин гүлдөп өнүккөн борбору Серахс шаары тилекке каршы талкаланып жок болгон. Бүгүнкү күнгө ички сепилдин урандылары жана Эбүл Фазл күмбөзү гана келип жеткен.

Anahtar Kelimeler: Серахс, Борбор Азия аймагы, Селжуктар,

Жаңылыктар