Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын жаңы президенти болуп шайланды

Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов добуштардын 72,97 пайызын алып, жеңишке жетти.

15 Mart 2022 12:16

Түркмөнстанда 12-мартта кезексиз президенттик шайлоо өттү.

Болжол менен 6,2 миллион калкы бар Түркмөнстанда 3 миллион 435 миң 950 шайлоочу катталган.

Президенттик шайлоодо 9 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 97,12 пайызы 2577 шайлоо участкасында добуш бергенин билдирди.

Сердар Бердымухамедов  добуштардын 72,97 пайызын алып, жеңишке жетти.

Anahtar Kelimeler: Түркмөнстан, , Сердар Бердымухамедов, Президент,

Жаңылыктар