Шах Аббас мечити

Шах Аббас мечити Азербайжандын Гянжа шаарынын борборунда жайгашкан.

11 Şubat 2022 19:10

Шах Аббас мечити Ирандын бешинчи Сефеви шахы, Сефевиддер династиясынын эң улук башкаруучусу I Шах Аббастын буйругу менен 1587-1629-жылдары салынган. Жума мечити деп да аталып жүрөт.

Кызыл кирпичтен  тургузулган мечитке 1776-жылы эки мунара кошулган.

2008-жылы толук түрдө жаңылоодон өткөрүлгөн.

Археологдор мечитти иликтеп жатып, орустарга тийиштүү табылгаларды таап алышкан. Демек мечит 18-кылымдын аягында эмес, 1910-жылы реконструкциядан өткөн.

Мечиттин айланасындагы кылымдарды карыткан чынар бактары өзгөчө мистикалык атмосферага жетелейт.

Мечиттин маңдайындагы аянтта 1700-жылдардын аягында жашап, бир ууч аскери менен Гянжаны орус армиясына каршы коргоп, ысымын түрк тарыхына алтын тамгалар менен жаздырган Жевад Хандын күмбөзү бар.

Чыгармалары европалык тилдерге которулган, белгилүү азербайжандык акын жана илимпоз Мирза Шафи Вазех (1796-1852) мечиттин медресесинде сабак берген.

Anahtar Kelimeler: Шах Аббас мечити, Азербайжан,

Жаңылыктар