Шахматтын рапид түрү (тез ойнолуучу түрү) боюнча дүйнө чемпионатында эң жаш жеңүүчү: Нодирбек Абдусатторов

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн шахматтын тез ойнолуучу түрү боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болуп, эң жаш жеңүүчү наамын алды.

14 Ocak 2022 18:23

Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн тез шахмат боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду.

17 жаштагы улан Магнус Карлес, Ян Непомнящий өңдүү белгилүү гроссмейстерлерден озуп чыкты. Чечүүчү тай-брейкте өзбекстандык шахматчы орусиялык Непомнящийди жеңди. Ошентип Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов дүйнө чемпионатында тез шахмат боюнча эң жаш жеңүүчү наамын алды.

Өзбекстанда «баатыр» катары сыпатталган Нодирбек ойлору менен бөлүштү.

"Өзбекстандын атын дүйнөгө жар салганыма абдан кубанычтамын"

Дүйнө чемпиону болгондо кандай сезимдер болду?

Абдан толкундандым. Өзбекстандын атын дүйнөгө жар салганыма абдан кубанычтамын.Чемпион болгондо биринчи апам куттуктады. Апам мени менен бардык турнирлерге барат. Үй-бүлөм мени ар дайым колдоп турат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктаганда абдан толкунданып, кубандым.

Эмне үчүн тез шахматты тандап алдыңыз?

«4 жашар кезимде эле  шахмат ойноп баштагам. Шахмат боюнча бардык турнирлерге катышууга аракет кылчумун. Шахматтын бардык түрүн ойнойм, турнирлерге катышам. Бирок тез шахмат боюнча чемпион болуу мен үчүн өзгөчө орунга ээ. Анткени шахматтын бул түрүн өзгөчө жакшы көрөм.

"Дүйнө чемпиону болгонго чейин Испаниядагы турнирде  1-орунду алгам"

Чемпионатка кандай даярдандың?

Буга чейин тез шахмат боюнча эки жолу оюнча турнирлерге катышкам. Варшавадагы чемпионатка чейин Испаниядагы турнирге катышып, 1-орунду алгам. Ал жакта жараткан ийгилик мага мотвация болду. Жыйынтыгында дүйнө чемпиону болдум, абдан кубанычтамын.

«Түркияда шахмат чеберлери көп жана шахматка болгон кызыгуу чоң»

Нодирбектин айтымындаТүркияда шахматка кызыгуу чоң. Жаштар жакшы ийгиликтерге жетишип жатышат. Түркияда шахмат чеберлери көп, ал чеберлердин көбү менен таанышкан.

Anahtar Kelimeler: Нодирбек Абдусатторов,

Жаңылыктар