Шакир Селим —Крым татар поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын

Шакир Селим 1942-жылдын 10-апрелинде Крымдын Акшейх аймагындагы Бүйүк Ас айылында туулган.

18 Şubat 2022 18:42

Крым татарлары туулуп өскөн жеринен сүргүнгө айдалган учурда Шакир Селим али кичинекей бала болгон. Буга байланыштуу анын балалыгы алгач Өзбекстандын Камбай шаарында, кийин Ташкентте өткөн.

1958-жылы орто мектепти аяктап, Самарканд шаарында мугалимдик кесип боюнча билим алган. Эки жыл мугалим болуп иштеген соң, аскердик кызматын Сибирияда өтөгөн.

1965-жылы Самарканд университетинин филология факультетинин орус тили бөлүмүнө тапшырып, 1971-жылы аяктаган.

Алгачкы ырлары «Ленин туусу» гезитинде жарык көргөн.

Акындын алгачкы ыр жыйнагы «Акбардак» 1972-жылы жарыяланган.

«Сезимдер», «Сүйүү жалыны», «Ойгонуу», «Шамаалды угуу» жана «Түшүнүү» ыр китептеринин ээси.

Сыйлыктары

1996-жылы Анкара шаарында өткөн ыр конкурсунда жеңүүчү аталган. Бул анын эл аралык деңгээлдеги алгачкы сыйлыгы болгон. Ушул эле жылы Ариф Нихат Асия атындагы сыйлык тапшырылган.

1997-жылы Адам Мицкевичтин «Крым сонатталары» чыгармасын крым татар тилине которуп, «полкул» фондунун сыйлыгына татыган.

1997-жылы Тараз Шевченко атындагы Украинанын мамлекеттик сыйлыгы берилген.

1998-жылы крым татар театрынын мамлекеттик жогорку сыйлыгына татыктуу болгон.

Коомдук иштери

Шакир Селим чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал Крым татар парламентинин депутаты, 1972-2007-жылдары «Йылдыз» журналынын башкы редактору, Крым Татар Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген. Ден соолугуна байланыштуу 2008-жылы Крым Татар Жазуучулар союзунун төрагалык кызматынан кеткен.

Шакир Селим 18-ноябрь 2008-жылы дүйнөдөн кайткан.

Anahtar Kelimeler: Шакир Селим, акын, Крым,

Жаңылыктар