Шанхай кызматташтык уюму

Шанхай Кызматташтык Уюму — өкмөттөр аралык өз ара коопсуздук уюму. Алгач Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан башчылары тарабынан Шанхай бешилтиги негизделген. 2001-жылы Өзбекстан кошулганда аты Шанхай кызматташтык уюму болуп өзгөртүлгөн.

29 Haziran 2022 12:41

Шанхай бешилтиги 1996-жылы Шанхайда Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан башчылары "Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга" кол коюу менен түзүлгөн. 

2001-жылы саммит кайра Шанхай, Кытайда өткөн.

Беш мүчө-өлкө Шанхай Бешилтигинин аппаратына Өзбекстанды кабыл алышкан. 

Андан соң алты өлкө башчылары 2001-жылдын 15-июнунда кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу максатында “Шанхай Кызматташтык Уюмунун Декларациясына” кол коюшкан. 

Бир жылдан кийин ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчылары Санкт-Петербург, Орусияда жолугушкан. Алар уюмдун максаттарын, принциптерин, түзүлүшүн жана аракет түрлөрүн аныктаган ШКУнун Хартиясына кол коюшту жана аны эл аралык мыйзамдын көз карашы менен расмий түрдө түздү.

ШКУнун көнүл чордонунда негизинен анын мүчө-өлкөлөрүнүн Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери, көбүнчө башкы коркунучтар терроризм, сепаратизм жана экстремизмге байланыштуу.

Жаңылыктар