2023

Шанлыурфа 2023-жылга карата "ислам өлкөлөрүнүн туризм шаары" деп тандалды

Ислам Кызматташтык Уюмунун Туризм министрлери Шанлыурфаны «2023-жылдагы туризм шаары» деп тандады.

29 Haziran 2022 12:26

Азербайжандын борбор шаары Баку шаарында Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин туризм министрлеринин 11-жыйыны болуп өттү. 

Жыйынга Түркиянын атынан Маданият жана туризм министринин орун басары Өзгүл Өзкан Явуз катышты.

Жыйында Түркиянын Шанлыурфа шаары 2023-жылга карата "Ислам өлкөлөрүнүн туризм шаары" деп тандалды.

Ал эми 2024-жылга карата "Ислам өлкөлөрүнүн туризм шаары" Өзбекстандын Хива шаары болду.

Түркиянын  Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой чечимди кубаттады.

 

 

Жаңылыктар