Шайлоо жана референдум

Кыргызстанда президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү бүттү.

11 Ocak 2021 00:41

Бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүүчүлөрдүн саны 3 563 574 болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн Кыргызстанда 2474 тилке уюштурулган. Андан тышкары чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участогу даярдалган.

Эске салсак, бүгүн президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) өттү. Президенттик шайлоодо 17 талапкер ат салышты.

Ал эми Референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлдү.

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Президенттик шайлоодо добуштардын жарымынан көбүн алган талапкер жеңүүчү болот. Эгер талапкерлердин бири дагы жалпы добуштун жарымынан көбүн ала албаса же "баарына каршы" графасы алдыга чыгып кетсе, экинчи тур жарыяланат. Биринчи турда канча киши болгонуна карабай экинчиге эң көп добуш алган эки гана талапкер катыша алат.

Жаңылыктар