Шеки пахлавасы-Азербайжандын десерттеринин эң аземиси

Шеки пахлавасы (Шеки халвасы) Азербайжан дасторконунун эң сый таттуусу деп эсептелет.

25 Eylül 2021 19:23

Азербайжандын түндүгүндө, Улуу Кавказ тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан Шеки шаары тарыхый, табигый кооздуктары жана даамдуу тамак-аштары менен таанымал. Шаарга келген туристтерге сөссүз түрдө шеки пахлавасы тартууланат. Анын атагы алыска кетип, Азербайжандыктар гана эмес, чет өлкөлүк туристтер да даамын татып көрүүгө кызыктар.

Кызыктуусу Шекилик ашпозчулар пахлаванын рецебин эч кимге айтпайт. Андыктан бул таттуу болгону Шеки шаарында гана жасалат. Азербайжандыктардын айтымында башка аймактарда бышырылган «Шеки пахлавасы» Шекидегидей даамдуу эмес.

Даамдын даярдалышы кыйла кыйын.

Даярдоо ыкмасы:

Шеки пахлавасын жасоо үч негизги бөлүктөн турат. Булар: кесмени майдалап тууроо, ичин фундук же жаңгак менен толтуруу жана шербетин даярдоо.

Негизги ингредиенттер: күрүч уну, шекер, фундук же жаңгак, кориандрдын үрөнү, кардамон жана шафран.

Алгач күрүчтүн унунан камыр жуурулат да ал тоголок кылып жайылып, майда майда тууралат. Тууралган кесме атайын ыкма менен бышырылат. Жалпак табакка кесме тегиз кылып салынат. Калоого жараша майда тууралган жаңгак же фундук кошулат. Үстү кесме менен тегиз кылып жабылат. Үстүнкү катмары төрт бурчтуу формадагы шафран менен кооздолот да 10 мүнөт бышырылат. Үстүнө атайын шекер шербети деп аталуучу шире куюлат. Даяр болгон пахлава бир күн тыныктырылат. Андан соң жегенге даяр.

Шекиликтер пахлаванын бул түрүн «Шеки халвасы» деп аташат.

Anahtar Kelimeler: Шеки пахлавасы, Азербайжан,

Жаңылыктар