Шуша шаарында Нооруз шаңы!

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Армениядан бошотулган Шуша шаарында Нооруздун отун жакты.

20 Mart 2021 13:30

Эртең 21-мартта түрк дүйнөсү Нооруз майрамын белгилейт. 

Нооруз шаңы эң эле алгач Азербайжанда башталды. Президент Ильхам Алиев, өлкөнүн биринчи айымы Михрибан Алиева жана кызы Лейла Алиева Армениядан бошотулган Шуша шаарында Нооруздун отун жагып, расмий салтанатты ачып берди.

Андан соң мамлекет башчысы элге кайрылуу жасады.

«Көптөгөн жылдардан бери Нооруз майрамын Карабакта белгилейбиз деп тилек кылып келгенбиз. Тилегибиз ишке ашты. Бүгүн, Нооруз майрамын өклөбүздүн маданий борбору Шуша шаарында белгилеп отурабыз. Бул – тарыхый окуя. Зор кубаныч! Аллах Азербайжан элинин тилегин оорундатты»,-деди ал.

Өз кезегинде согушта курман болгон аскерлердин жаркын элеси эч качан унутулбаарын, ар бир жарандын жүрөгүнүн түпкүрүндө жашаарын баса белгиледи.

Армения талкаган шаарлар жана айылдар калыбына жакынкы аралыкта калыбына келтирилээрин айтты.

«21-кылымдын согушун жүргүзүп, душманды жок кылдык»

Азербайжандын Президенти ошондой эле экинчи Карабак согушу бүгүнкү күндө дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин аскердик окуу жайларында изилденип жатканын белгилеп өттү.

«Биз 21-кылымдын согушун жүргүзүп, душманды жок кылдык. Мындан ары Армениянын армиясы жок. Бүгүн Шушага караштуу Жыдыр шаарчасында Нооруз майрамын белгилеп жатып, сыймыктануу менен төмөнкүлөрдү айтым келет:

«Шуша – сен эркинсиң!»

«Шуша – сен Азербайжанга таандыксын!»

«Карабак – сен Азербайжанга таандыксын!»,-деди Алиев.

Anahtar Kelimeler: Нооруз, , Азербайжан, Шуша, Ильхам Алиев,

Жаңылыктар