Ситораи Мохи-хоса-Бухара эмиринин шаардын сыртындагы сарайы

Бухаранын жака белинде жайгашкан Ситораи Мохи-хоса сарайына келген меймандардын саны арбын.  

01 Nisan 2022 16:03

Ситораи Мохи-хоса сарайы Бухара шаарынан 4 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.

Сарай эски жана жаңы болуп экиге бөлүнөт.

Сарайдын алгачкы курулушу Насрулла (1826-60) жана Музаффар хан (1860-85) доорунда башталган. Абдуллах хандын тушунда (1885-1910) ак сарай жана кооз бакча салынган. Ал эми Эмир Алимхандын тушунда (1910-20) жаңы сарай түптөлгөн.  Орусиядан билим алган Бухаралык архитекторлор, хан сарайда, батыштын жөнөкөйлүгүн чыгыштын бай архитектурасы менен чебер айкалыштырап берген.

Тилекке каршы хан сарай убакыттын өтүшү менен талкаланган.

1918-жылы эски хан сарайдын оордуна жаңы хан сарай салынган. Сарайдын сырты Европа архитектурасынын үлгүлөрү менен кооздолсо, ичи чыгыш архитектурасына мүнөздүү стилде жасалгаланган.

Ситораи Мохи-хоса сарайын Бухаранын акыркы эмири жайкы эс алуу жайы катары колдонгон.

Ситораи Мохи-хоса «ай сымал жылдыз» деген маанини түшүндүрөт.

Бүгүнкү күндө Ситораи Мохи Хасса искусство музейи катары пайдаланылып келет.

Сарайды көрүүгө келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк меймандардын саны арбын.

Anahtar Kelimeler: Ситораи Мохи-хоса сарайы, Бухара, Өзбекстан,

Жаңылыктар