Соң-Көл –Теңир-Тоонун койнундагы керемет көл

Жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү Cоң-Көл жайлоосуна туристтер агылууда

02 Temmuz 2021 23:05

Сөң-Көл - Ички Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан, жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири. Анын жаратылышын жарашыктуу көркүнө чыгарып көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулары, тоолордун асман тиреген аскалуу чокулары курчайт.

 Сөң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп анын деңгээлин төмөндөтпөйт.

Сөң-Көлдүн узундугу -29, туурасы -17 километрге созулат.  Көлдүн аймагы 292 чарчы км.

Көгөргөн көлдүн айланасына ар түрдүү чөптөр өсүп, кызыл-тазыл гүлдөр менен саймаланып эң эле кооз, кээ бир жээктен эшилген майда кызыл кумдуу пляждарды учуратууга болот. Ошондой эле жээктердеги тоо боорлору бетегелүү тоо чөптөрү жамынып төрт түлүк малдын берекелүү мекени. Андыктан эзелтен бери чабандар Соң-көлдү байырлап келишкен. Азыр дагы Соң-Көл жайлоосун Кочкор, Жумгал, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун малчылары пайдаланып келет.

Соң-Көлдө соңку жылдары эко-туризм өнүгө баштады. Ат, тоо жана жайлоо туризми кеңири кулач жайды.

Теңир-Тоодогу Сөң-Көл жайлоосуна бара турган жол оңой эмес болсо да анын жаратылышына арбалып, керемет көлдү жана табияты кооз жайлоону көрүүнү эңсеп жергиликтүү жана чет элдик туристтер көп келишет

Anahtar Kelimeler: Соң-Көл, Теңир-Тоо, Кыргызстан,

Жаңылыктар