v

"Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда катталды

Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанда коронавируска каршы каражат катары катталды.

23 Şubat 2021 11:53

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти коронавирусту профилактика кылуу үчүн "Спутник V" вакцинасына каттоо күбөлүгүн берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Вакцинанын катталышы жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясын профилактика кылуу үчүн калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 72 адамдан табылып, 2 адам каза тапты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 1 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 879 киши айыгып чыкса, 1 миң 460 адам каза болду.

Жаңылыктар