Стамбул шаары "Мишлендин гиди" тизмегине кирди

Стамбул шаары кулинария жаатындагы абройлуу сыйлык катары эсептелген "Мишлендин гиди" тизмегине кирди.

23 Nisan 2022 22:26

Дүйнөдөгү эң престиждүү ресторандарды баалоо системаларынын бири болгон "Michelin Guide" Стамбулду тизмегине алды. Бул туралуу Ататүрк маданият борборунда өткөн маалымат жыйында айтылды.

Жыйынга Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жана "Michelin Guide" эл аралык уюмунун директору Гвендал Поулленнек катышты.

Министр  Мехмет Нури Эрсой жыйында сүйлөгөн сөзүндө түрк ашканасы миңдеген жылдык тарыхы менен дүйнөлүк ашканалардын арасында артыкчылыктуу орунду ээлерин белгиледи. Стамбул Түркиянын гана гастрономия борбору эмес, дүйнөнүн алдыңкы гастрономиялык шаарларынын бири  экендигин кошумчалады.

 

 

Жаңылыктар