Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Дин иштери боюнча башкармалыктарынын жетекчилеринин жыйыны өтөт

Стамбулда «Глобалдык эпидемия жана санариптик дүйнөнүн шартында түрк-ислам дүйнөсүнүн келечеги жана диний мекемелер»  аталыштагы жыйын өтөт.

14 Nisan 2022 16:49

Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы, эртең, 15-апрелде, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Дин иштери боюнча башкармалыктарынын жетекчилеринин жыйыны өтөрүн жарыялады.

«Глобалдык эпидемия жана санариптик дүйнөнүн шартында түрк-ислам дүйнөсүнүн келечеги жана диний мекемелер»  деп аталган жыйын, уюмга мүчө мамлекеттердин диний маселелерден жооптуу мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.

Башкармалык баса белгилегендей Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгү саясий жана экономикалык тармактар ​​менен гана чектелбеши керек. Мамлекеттер ортосундагы боордоштук байланышты чыңдоодо диний мекемелердин ролу зор экени талашсыз.

«Түркиянын диний иштер башкармалыгы 100 жылга жакын тажрыйбага ээлик кылып, өлкө аймагында жана 200гө жакын чет өлкөдө жигердүү иштерди алып барууда. Диний билим тармагында ири тажрыйбага ээ болгон биздин мекеме, өз тажрыйбасын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин диний мекемелери менен бөлүшүүнү максат кылат»,- деп жазылат билдирүүдө.

Программа Айя-софияда башталат

Программа, Президент Эрдогандын катышуусу менен Стамбул шаарындагы Айя-София мечитинде башталат. Алгач жума намазы окулуп, андан сон мечиттин алдындагы медресенин ачылышы болот.

Кечкисин жыйындын катышуучуларына Эйүб Султан мечитинде ооз ачуу тамагы берилет. Андан соң таравих намазы окулат.

 

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлекеттер уюму,

Жаңылыктар