Стамбул шаарында «Ыйман жана искусство» көргөзмөсү ачылат

Көргөзмөгө Түрк жана Ислам искусствосу музейинин коллекциясынан 150 эмгек коюлат.

15 Nisan 2021 18:43

Эртең, 16-апрелде, Стамбул шаарындагы Түрк жана Ислам искуствосу музейинде «ыйман жана искуство» аталыштагы көргөзмө ачылат. Бул туралуу Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык көргөзмө «Ыйык Куран», «пайгамбарыбыз»,  «ибадат»  «дуба» жана «искуство» бөлүмдөрүнөн турат.

Көргөзмөгө Түрк жана Ислам искусствосу музейинин коллекциясынан 150 эмгек коюлат. Алардын ичинен 73 эмгек алгачкы жолу сунушталмакчы.

Көргөзмөгө коюла турган эмгектер арасында VIII кылымдын аяк чени жана IX кылымдан башында куфикалык каллиграфия менен жазылган Куран китеби жана белгилүү чебер Якут аль-Мустасимиге таандык Куран бар экени маалымдалды. Ошондой эле Сейид Махмуд Хайранинин уулу Сейид Алиге таандык саркофагдын бир бөлүгү сунушталат. Аталган саркофаг 1907-жылы уурдалып кетип, учурда Даниянын Копенгаген шаарындагы Давид Самлинг музейинде сакталып турганы маалым.

Кытай кагазына коргошун сыя менен жазылган Тимур дооруна таандык ыйык Куран китеби, Осмон каллиграфиясынын эң көрүнүктүү өкүлү Шейх Хамдуллага таандык Куран китеби, Султан Абдулмажидге таандык каллиграфиялык сүрөт, Аясофия Фондунун XV кылымга таандык көчүрмөсүнүн бир нускасы жана башка баалуу эмгектер көргөзмөгө коюлат.

Көргөзмөгө кирүү акысыз.

Анын эшиги 30-июлга чейин ачык.

Anahtar Kelimeler: Түрк жана Ислам искуствосу музейи, «Ыйман жана искусство»,

Жаңылыктар