568

Стамбул шаарындагы 568 жылдык тарыхый жерлер

Стамбулду каратып алууда Византия армиясынын кыймылдуулугун чектеген курчоо жолдору, чептер жана дубалдар азыр да көргөндөрдү суктандырат.

07 Ocak 2022 19:15

 

Стамбулдун Осмон дөөлөтүнө каратылышы менен орто кылым бүтүп, жаңы  доор башталган. Стамбулду каратып алууда курчоо жолдору, чептер жана дубалдар  манилүү стратегиялык роль ойногон.

Белгилүү болгондой сегиз аптага созулган камалоодон соң, 1453-жылы 29-майда византиялык борбор шаарды осмон султаны Мехмет Экинчи ("Фатих" - "Жеңүүчү") каратып алган.

Стамбул, эки материкти Европа менен Азияны бири-бирине кошкон шаар...Географиялык жайгашуусунан улам тарых бою маанилүү отурукташуу борбору болду.

Б.з.ч. 7-кылымда курулган Стамбул, ар түрдүү цивилизациялардын бешиги болгон. Маданияттар, диндер, цивилизациялардын тогошкон жери.

Осмон императорлугу негизги өсүү жана күчтөнүүсүн Византиянын жерлерин басып алып камсыздады. Анадолу тарабынан жана Румели тарабынан жерлерин алдырган соң Византия мамлекети Стамбул шаарынан гана турган шаар мамлекет болуп калды. 1453-жылы Осмон падышасы Султан Мехмет Стамбулдун Византиянын колунда болушунун Осмон мамлекетинин коопсуздугу үчүн коркунуч туудурганын көрүп чоң армия менен Стамбулду курчоого алды. Көпкө созулган курчоодон кийин Осмон армиясы колдонгон технология жана замбиректер 1453-жылы 29-майда Стамбулдун каратылышын камсыздады.

Андан соң Стамбул Осмон империясынын борбор шаарына айландырылды. Орто кылымды бүтүрүп жаңы калымды баштоого себепкер болгон Стамбулдун багындырылышы дүйнөлүк тарыхка терең из калтырып, батышта реформа жана ренессанстын баштылышына да түрткү болгон.

Стамбулду каратуу манилүү роль ойногон жерлер булар, Айдос чеби, Анадолу чеби жана Ремели чеби болгон. Бул тарыхый жерлер азыр да көргөндөрдү суктандырат. 

 

Жаңылыктар