3-25

Стамбул шаарындагы Улуу Чамлыжа мечитине 3 жылда 25 миллион мейман келди

Көркөм галереясы, китепканасы, жыйындар залы, көркөм өнөрканасы жана Ислам цивилизациялары музейи менен өзгөчөлөнгөн Чамлыжа мечити 3-май 2019-жылы расмий түрдө ачылаган. Андан бери мечитке 25 миллион зыяратчы келди.

06 Mayıs 2022 12:48

Чамлыжа мечитинин пайдубалы Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын демилгеси менен 2013-жылы 7-августта түптөлгөн.  Ал деңиз деңгээлинен 268 метр бийиктикте  жайгашкан Чамлыжа дөбөсүндө орун алгандыктан, аты да дал ушул дөбөнүн аты менен аталып калган.

Мечит Осмон-Селжук архитектурасынын өзгөчөлүктөрүн камтып,  заманбап архитектура менен айкалышып турат. Стамбулдун көркүнө көрк кошуп турган Чамлыжа мечити  шаардагы негизги имараттардын катарын толуктайт.

Ири мечиттин 6 мунарасы бар. Анын 4 мунарасынын бийиктиги Малазгирт жеңишинин урматына 107,1 метрди түзөт. Ал эми калган 2 мунарасынын бийиктиги 90 метр.

Мечиттин негизги куполунун бийиктиги 72 мерди түзүп, ал Түркияда жашаган 72 улутту туюнтат.

Мечитте бир учурда 63 миң киши намаз окуса болот. Ал заманбап технологиялар, электрондук системалар менен жабдылып, окутуу иштери, семинарлар жана тренингдер өтүп, диний баалуулуктарды изилдөөчү борбор катары да иш алып барат.

Мечитте аянты 3500 чарчы метр келген сүрөт галереясы, жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзгөн китепкана, 1071 орундуу жыйындар залы, 8 сүрөт өнөрканасы жана 3500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай бар.

Стамбул шаарындагы манилүү жайлардын катарын толуктаган Чамлыжа мечитине келген меймандардын саны арбын. Алсак 3 жыл аралыгында аталган мечитке 25 миллион мейман келген.

Жаңылыктар