12

Стамбулда Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин 12-жыйыны өтүүдө

Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Бинали Йылдырымдын төрагалыгы алдында Стамбул шаарында жыйынга чогулушту. Бинали Йылдырым Аксакалдар кеңешинин ишмердүүлүгү күн өткөн сайын жогорулап бара жатканын баса белгиледи.

09 Şubat 2022 14:51

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө. 12-ирээт өткөрүлүп жаткан жыйынга Бинали Йылдырым төрагалык кылууда.

Бинали Йылдырым жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинде мамлекет башчылары маанилүү тарыхый чечимдерди кабыл алышканын, алардын бири Аксакалдар кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча болгонун айтты. Жаңы чечим алкагында Аксакалдар кеңешинин жобосу жаңыланып, түзүмүнү бекемделгенин белгиледи. Өз кезегинде, бул жааттагы олуттуу аракеттери үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев баштаган  уюмдун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Аксакалдар кеңеши жаңы түзүмү менен алдыдагы олуттуу долбоорлорго көбүрөк салым кошуп, багыт берүүчү роль ойнойт деп ишенем. Түрк мамлекеттер уюму күн өткөн сайын өсүп-өнүгүүдө. Барган сайын дагы көбүрөк жоопкерчилик алууда. Аймакта жана дүйнөдө маанилүү уюмга айланып бара жатат. Уюмдун өнүгүшү менен Аксакалдар кеңешинин да жоопкерчилиги жогорулоодо. Биз аксакалдар катары олуттуу чечимдерди кабыл алуу, тийиштүү сунуштарды берүү жана изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу аркылуу уюмдун жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейишине ири салым кошууну максат кылуудабыз»,-деди ал.

Йылдырым өз кезегинде Аксакалдар кеңешинин курамы терең тажрыйбасы бар адамдардан турганын айтып, бул потенциалды туура пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи.

«Аксакалдар кеңеши ТМУ тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоорлорго ири салым кошот деп терең ишенем. Биз аксакалдар, мамлекет башчылары белгилеген багытка ылайык, түрк дүйнөсү менен түрк мамлекеттеринин ортосундагы карым-катнашты өркүндөтүү, экономикалык жана социалдык маданий тармактарга салым кошуу үчүн талыкпай аракет кылабыз»,-деп убада кылды Йылдырым.

Биналы Йылдырымдын айтымында, бүгүнкү жыйында, Аксакалдар кеңешинин мындан аркы ишмердүүлүгү ар тараптуу талкууланат. Белгилүү болгондой Стамбул шаарындагы Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин жыйынтыгы боюнча «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алынган. Ал алдыдадгы 5 жылдагы бизнес-планды жана стратегиялык планды да камтыйт. Жыйында 5 жылдык планда камтылган иш-аракеттер талкууланууда.

«Түрк дүйнөсү бирдиктүү бүтүндүк»

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Багдад Амреев 2021-жылдын 11-ноябрында Стамбул саммитинин жыйынтыгы менен Аксакалдар кеңешинин жаңы жобосу кабыл алынганын маалымдады. Өз кезегинде Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп дайындалган Бинали Йылдырымды куттуктады.

Ал Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммити 12-ноябрда Стамбул шаарында бардык лидерлеринин катышуусунда өткөнүн эске салып, саммит жыйынтыгында уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттер терең интеграцияга багыт алганын баса белгиледи.

Боордош Түркмөнстан уюмга байкоочу болгонун, натыйжада эгемендүү түрк мамлекеттери тарыхта биринчи жолу бир чатырдын астында бириккенин баса белгиледи.

«Түрк дүйнөсү бирдиктүү бүтүндүк. Мамлекет башчыларынын чечими менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжанга таандык жерлерди басып алуудан бошоткону жана түрк биримдигине салым кошкон тарыхый жеңиши үчүн «Түрк дүйнөсүнүн жогорку даражалуу ордени» менен сыйланды. Саммитте кабыл алынган эң маанилүү чечим: «Түрк кеңешинин» аталышын «Түрк мамлекеттер уюму» деп өзгөртүү болду. Бул чечим Уюмдун чыныгы потенциалын ишке ашырууга жана анын эл аралык коомчулуктагы ролун бекемдөөгө салым кошот.

Стамбул Саммитинин алкагында президенттер. “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюшкан Ал түрк тилдүү мамлекеттердин артыкчылыктуу багыттарда кызматташуусун тереңдетүү боюнча «жол картасы» болуп саналат. Бул документ биринчи кезекте уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы динамикалуу кызматташтыкты жана саясий биримдикти өнүктүрүүгө багытталган»,-деди ал.

Амреев өз кезегинде, 8-Саммиттин алкагында бекитилген Аксакалдар кеңешинин жобосуна басым жасады.

«Жаңы түзүмү жана төраганын активдүү ролу натыйжасында Аксакалдар кеңеши, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер ортосундагы тыгыз кызматташтыкты ​​жана интеграциялык процессти өнүктүрүүдө активдүү жана багыт берүүчү роль ойнойт. Кеңештин ар бир аксакалы ар кыл тармакта терең билимге ээ, көп жылдар бою мамлекеттик жана коомдук кызматтарда иштеген адистер. Бул чоң потенциалды натыйжалуу колдонушубуз керек. Андыктан алдыдагы мезгилде түрк дүйнөсүн мындан ары өнүктүрүү жана өз ара байланышты тереңдетүү максатында ишмердүүлүгүбүзү кеңейтебиз»,- деди башкы катчы.

Көп тараптуу эркин соода келишими

Амреев түрк инвестиция фонду курула турганын белгиледи. Фонддун көлөмү 1 миллиард доллар болмокчу. Анын 500 миллион доллары ТМУга мүчө мамлекеттер тарабынан каржыланса, калган 500 миллион доллар тышкы булактардан алынат.

Аталган фонд, бизнес-коомчулуктар үчүн натыйжалуу кызматташууга шарт түзүп, чакан жана орто бизнести чыңдоого олуттуу мүмкүнчүлүктөр түзүп берет.

Дагы бир маанилүү жагдай, көп тараптуу эркин соода келишими. Көп тараптуу эркин соода келишими ТМУга мүчө мамлекеттер ортосундагы кызмат агымын жеңилдетип, аймакка көбүрөөк инвестиция тартууга түрткү берет.

Амреев белгилегендей Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун (Борбордук коридор) акырындык менен Европа менен Азиянын ортосундагы эң коопсуз жана эң кыска соода жолуна айланып бара жатат. Андыктан ТМУ пандемиядан кийин Борбордук коридордун натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу үчүн, транспорттук операцияларды жеңилдетүүгө, административдик тоскоолдуктарды жоюуга жана коридордогу логистикалык чыгымдарды кыскартууга басым жасашы керек.

Амреев белгилегендей ТМУнун кийинки саммити 2022-жылдын 11-ноябрында Өзбекстанда өтөт. Башкы катчылык, бул манилүү иш-чарага азыртан эле даярдык көрө баштады.

Үстүбүздөгү жылы Азербайжанда ТМУнун бейрасмий саммити, Венгрияда В-4 жана ТМУнун биргелешкен жыйыны өтөт.  

Жыйын жабык эшик артында уланууда.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: ТМУ, Аксакалдар кеңеши,

Жаңылыктар