Стамбулда “Түрк мамлекеттер уюмунун көз карашы жана Ак сакалдар кеңешинин ролу” аталыштагы иш-чара болуп өттү

АК Партиянын төрага орун басары, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым: "Түрк мамлекеттер уюмунун максаты эч кимди коркутуу эмес. Аймактын жыргалчылыгы, тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн биргелешип иштөөнү улантабыз".

24 Mayıs 2022 19:40

Түркиянын Стамбул шаарында "Түрк мамлекеттер уюмунун көз карашы жана Аксакалдар кеңешинин ролу" аталыштагы иш-чара болуп өттү. Жыйында сөз сүйлөгөн Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, түрк мамлекеттеринде жалпы 170 миллион эл жашаарын, башка мамлекеттердеги түрктөрдү эсептегенде бул көрсөткүч 300 миллионго жакын экенин белгилеп, бул, дүйнө калкынын 2 пайызына туура келерин айтты.

Анын айтымында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жалпы дүң продукциясы 1,5 триллион долларды түзөт. Алдыда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн соодадагы өз ара үлүшүн 140 миллиард долларга жеткирүү максатталууда. 

"Албетте локомотив өлкө бул-Түркия. Түркияны кошпогондо Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттерде ички дүң өндүрүмдүн киши башына көрсөткүчү орточо эсеп менен 4 миң 500 долларды түзөт. Уюмга мүчө мамлекеттердин соодасы 700 миллиард долларга жакын. Бирок  таң калыштуусу, соода жүгүртүүдөгү 700 миллиард доллардын 16 миллиард доллары гана өз ара соода жүгүртүүдө колдонулат",-деди ал.

Йылдырым өз кезегинде Жибек жолунун маанисине токтолду. Ошондой эле Түркиядагы экономикалык өнүгүүлөр туралуу сөз козгоду.

"Президентибиздин жетекчилиги астында акыркы 20 жылда инфраструктурабыз болуп көрбөгөндөй өнүктү. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң чоң аэропорт Түркияда жайгашкан. Биз аны мактаныч үчүн же  даңк үчүн салган жокпуз. Бүгүнкү күндө чыгыш менен батышты байланыштырып турган жер Анадолу жергеси. Андыктан Түркия дүйнөнүн борбору бойдон кала берет",-деди ал.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болуу процесси

Бинали Йылдырым сөзүнүн жүрүшүндө Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессине токтолду.

"Скандинавия өлкөлөрү коопсуздук маселеси менен НАТОго мүчө болууга аракет кылып жатышат. Түркиянын Президенти Эрдоган, террордук топторго ачык колдоо көрсөтүп, биздин өлкөгө душмандык кылган мамлекеттердин НАТОго мүчө болуусуна каршы экенин билдирди. Түркиянын коопсуздук жаатындагы тынчсыздануулары жоюлуп, талабы канааттандырылбаса Анкара, бул көз карашынан баш тартпайт. Мындан кийинки чечим алардыкы",- деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө кылууну көздөйбүз

Бинали Йылдырым белгилгендей Түрк мамлекеттери уюмуна 7 мамлекет мүчө. Өзбекстанда өтө турган саммитте Түркмөнстан толук кандуу мүчө болооруна үмүт артылууда. 

"Бул жерде бир кемчилик бар, ал Түндүк Кипр Түрк Республикасы. Түндүк Кипр Түрк Республикасын Түрк мамлекеттер уюмуна эң эле жок дегенде байкоочу өлкө катары кошууну максаттоодобуз",- деди Йылдырым.

АК Партиянын төрага орун басары, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым өз кезегинде  "Түрк мамлекеттер уюмунун максаты эч кимди коркутуу эмес. Бирок ошол эле учурда эч кимден коркпой турганыбызды далилдегибиз келет. Аймактын жыргалчылыгы, тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн биргелешип иштөөнү улантабыз. Бул үчүн өнөктөштөрүбүз менен иштешүүнү улантабыз" ,- деп белгиледи.

 

Жаңылыктар