26 Haziran 2021 08:58
Кыргызстан тарыхый жана маданий баалуулуктарга бай өлкө. Алардын бири ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Сулайман-Тоо.
Сулайман тоосу Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу – 3 км, туурасы – 1,5 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1140 м.
Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс.
Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат.
Тоонун аталышы Сулайман пайгамбардын аты менен байланыштуу.
Ош шаарындагы Сулайман Тоого байланыштуу көптөгөн уламыштар айтылып келет. Ошол уламыштар бул тоодогу ырым-жырымдардын, ишенимдердин жана диний жөрөлгөлөрдүн бекемделишине чоң таасир тийгизген.
Сулайман Тоонун аймагында бир нече үңкүрлөр, петроглифтер, эки музей, эки мечит, бир күмбөз, бир катар сыйынуучу жайлар жана 14-кылымдарга таандык мончо бар. Тоонун күнгөй тарабынын баары көрүстөн болуп саналат. Чыгыш тарабындагы чокуда болсо Бабурдун үйү деп аталып калган бөлмө жайгашкан.
Сулайман-Тоо бүгүнкү күндө туристер көп барган тарыхый аймактардын бири.
Anahtar Kelimeler: Сулайман-Тоо, Кыргызстан,