Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчылык кызматын расмий өткөрүп алды

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов кызматын Султан Раевге өткөрүп берди

12 Nisan 2022 14:25

Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун башкы катчылыгында, Султан Раевге ТҮРКСОЙдун башкы катчылык кызматын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой катышты.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу журналист, белгилүү маданий ишмер, министр жана эл аралык мамлекеттик кызматкер катары Султан Раев ТҮРКСОЙго ири салым кошооруна ишенерин билдирди. Өз кезегинде 2008-жылдан бери башкы катчылык милдетин ийгиликтүү аткарып келе жаткан Дүйсен Касеиновго ыраазычылык билдирип, анын түрк дүйнөсүнө кылган кызматы бүтпөй турганын баса белгиледи. «Касеинов мындан ары да өз тажрыйбасы менен түрк дүйнөсүнө кызмат кыла турганына күмөн санабайм»,- деди ал.

Ал эми Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой түрк тилдүү элдердин биримдигине басым жасады. Дүйсен Касеиновго акыркы жылдардагы жетишкендиктери жана 14 жылдык кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Уюм ичиндеги мамлекеттердин биримдиги жана тилектештиги абдан баалуу. Маданий иш-чаралар бизди көбүрөөк синергетикага жана чоң иштерге шыктандырат. Эң негизгиси-түрк маданиятын келечек муундарга, өткөрүп берүү»,- деди ал.

Өз кезегинде Султан Раевге манилүү милдет жүктөлгөнүн баса белгилөө менен бирге, анын, бул милдетти татыктуу аркалап, уюмдун ишмердүүлүгүн мындан ары арттырарына ишеним билдирди.

Кыргызстандын белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктардын ээси Султан Раев Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин кезексиз отурумунда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп дайындалган.

Anahtar Kelimeler: Султан Раев, ТҮРКСОЙ,

Жаңылыктар