Сулуулуктун жана тынчтыктын борбору: Ашхабад

Ашхабад шаары «Азиянын бермети» катары таанымал 

17 Haziran 2022 20:15

Ашхабад - Түркмөнстан Республикасынын борбор шаары.

Орто Азиядагы эң кооз шаарлардын бири.

Копетдаг тоосунун этегиндеги түздүктө, Ахальск оазисинде, деңиз деңгээлинен 214-240 м бийиктикте жайгашкан.

Шаардын түндүгүнөн Каракум каналы өтөт.

«Сүйүүүнү» жана «Ак түстүн» шаары деп аталган Ашхабад Каракум чөлүнүн ортосундагы кудум ак гүлзарды элестейт.

Дүйнөгө белгилүү «ахал-теке» аргымактары жана «алабай» иттери менен таанымал.

Ашхабад-ак шаар.

Шаар 2013-жылы Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Тарыхый жана салттуу маданияты, кооздугу жана табигыйлыгы менен өзгөчөлөнгөн шаар, заманбап архитектурасы менен айырмаланып турат.

Ашхабад шаары - сүйүүнүн, биримдик менен ынтымактын, достуктун жана түбөлүк тынчтыктын символу.

Ашхабад - маданияттын, искусствонун, спорттун жана адабияттын борбору.

Байыркы Ниса шаары жана Байыркы Парфия сымал улуу цивилизациялардын мурасын сактап келе жаткан маданий борбор.

Түркмөнстан, Түркия, Франция жана башка өлкөлөрдүн адистеринин катышуусунда өкмөт үйүнүн ансамбли (анын ичинен президент, конгресс ак сарайлары), мемориалдык курулуштар (Бейтараптык аркасы, жер титирөөдө курман болгондорго эстелик), фонтан, скульптуралуу салтанат эспланадасы, «Олимпияда» стадиону жана башка курулган.

Туран аянтында Каракум курулуш башкармасынын имараты менен курулуш ансамбли, Азади атындагы китепкана, тарыхый-маданий коругу, сүрөт галереясы, Түркмөн килем, Улуттук  археологиялык табылгалар сакталган музейлери бар.

 

Жаңылыктар