Төлөмүш Океев - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру

Кыргыз кинорежиссерлордун төл башы катары таанымал Төлөмүш Океев мамлекеттик кызматтарды татыктуу аркалаган улуу инсан.

04 Mart 2022 18:34

Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу чакан айылда (азыркы Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагынын аймагында) туулган.

Кинорежиссёрдун атасы Окей белгилүү санжырачы, энеси дүкөнчү болгон.

Ал жайлоодо боз үйдө төрөлүп, балалыгы согуштун оор жылдарына туш келген.

Ысык-Көлдүн кайталангыс жаратылышынын койнунда чоңойгон Төлөмүш кичинекей кезинен эле жаныбарлардын сырын жакшы билген. Табиятты абдан сүйүп,  кооздукту баалаган.

Океев Фрунзе шаарына келип, А.С. Пушкин атындагы №5 мектепте окуган.

1958-жылы Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган.

Оболу Кыргызфилм студиясында үн оператор болуп иштеген. "Аптап" сыяктуу тасмалардын үн оператору болгон.

1966-жылы Москвадыгы жогорку режиссердук курсту аяктаган.

Бакайдын жайыты

Океев, 1966-жылы кыргыз кинематографиясында бараандуу орду бар "Бакайдын жайыты" тасмасын жараткан.

Океев аталган тасмада турмуш-тиричилик, көчмөн жашоо жана кылымдарды карытып келген адамдардын мамилесин жогорку чеберчиликте чагылдырып берген.

Тасмада ата-бабасы илгертен жашап келген жерди таштап, көчүүгө муктаж болгон адамдардын жашоосу баяндалат. Заманбап доордун келиши менен улуттук баалуулуктардын унутула баштаганын камтыган терең маани жатат.

Тасма эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыган.

Көк серек

1973-жылы Океев "Казакфильмдин" чакыруусу менен белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзовдун чыгармасы боюнча "Көк серек" көркөм тасмасын тартууга киришкен. Фильмде карышкырдын ийнинен алынган бөлтүрүк менен кичинекей Курмаштын ортосундагы мамиле көрсөтүлгөн.

Тасма Сан-Францискодогу фестивалда көрсөтүлгөн.

Ак илбирстин тукуму

Тасманын негизги мазмунунда "жаратылышка болгон ырайымсыздыктан, жаратылыш өзүнүн өчүн алышын" баяндайт.

Тасманын бет ачаары 1985 жылы апрель айында болгон.Кинону көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алган.1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын утуп алган. 1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгына ээ болгон.

Мындан сырткары, ал "Махабат дастаны", "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Уркуя" тасмаларынын режиссёру.

Режиссёрдон тышкары эмгек жолу

Төлөмүш Океев режиссёрдон тышкары 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган.

1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Кыргыз-түрк алакасынын башатында туруп, аны жолго салууга жигердүү эмгектенген.

Кийинчерээк ТҮРКСОЙдогу кыргыз өкүлү болуп иштеген.

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Anahtar Kelimeler: Төлөмүш Океев, кыргыз, чыгаан кинорежиссер,

Жаңылыктар