2020-330-000

Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы Мараш аймагына 2020-жылдан бери 330 000ден ашык турист келди

ТКТРнын Мараш аймагы 46 жыл жабык турган соң 2020-жылдан тарта этап этабы менен ачыла баштаган. Азырынча Мараштын 3,5 пайызы аскердик аймак статусунан чыгарылып, демилитаризацияланды.

22 Ocak 2022 17:45

Мараш аймагынын ачылышы пандемия маалына туш келгенине карабастан аны көрүүгө миңдеген меймандар келген. Маалыматтарга караганда аймакка келген жергиликтүү меймандардын жана чет элдик туристтердин саны 330 миңден ашат.

Аймак ачылганы бир катар долбоорлор ишке ашырылып, оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Аймакты жандандыруу жана калыбына келтирүү иш-аракеттерине Түркия ири колдоо көрсөтүп келет.

Газимагуша акимчилиги меймандарга жагымдуу маанай тартуулоо жана алардын муктаждыктардын камсыздоо үчүн чакан дүкөндөрдү жана велосипеддерди ижарага алуу пункттун ачкан. Ошондой эле узундугу 800 метрден ашкан эки пляж элге сунушталган.

Мараш аймагы

ТКТРде 2019-жылдын 18-июнунда Министрлер кеңешинин жыйыны өтүп, анда, 1974-жылдан бери жабык турган Мараш аймагын ачуу жаатында эксперттик топ менен илимий инвентаризациялык изилдөө жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Түндүк Кипр Түрк Республикасына таандык Коомдук Демократия проспектисинин бир бөлүгү жана Мараштын жээк бөлүгү 2020-жылдын 8-октябрында ачылган.

Министрлер кеңешинин чечими менен 2021-жылдын 12-июлунда Мараштын ачылышынын экинчи этабынын алкагында дагы бир аймак демилитаризацияланган.  Ошентип Мараш аймагында  аскердик аймак статусунан чыгарылып, демилитаризацияланган аянттын көлөмү 3,5 пайызга жетти.

Түркиянын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бийлиги гректерге жана Марашта кыймылсыз мүлкү бар башка жарандарга Кыймылсыз мүлк комиссиясына кайрылууга чакырып келет.

Anahtar Kelimeler: ТКТР, Мараш,

Жаңылыктар