Түрк академиясы толук кандуу эл аралык уюмга айланды

Казакстандын Президенти Касым-Жамаорт Токаев Түрк академиясын Казакстанда орноштуруу шарттары жана тартиби туралуу келишимди ратификациялады.

05 Mayıs 2022 11:21

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев «Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Академиясы ортосундагы Түрк Академиясын орноштуруу шарттары жана тартиби туралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө» Казакстан Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Казакстан Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык Түрк академиясы, Түрк академиясына мүчө мамлекеттердин атайын мыйзамдары менен бекитилген, толук кандуу эл аралык уюмга айланды.

Белгилей кетсек академияга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия толук кандуу мүчө болсо,  Венгрия-байкоочу өлкө.

Эл аралык уюмдун штаб-квартирасы Нур-Султан шаарында жайгашкан.

Жаңылыктар