Түрк авиациясында жаңы доор

USAŞ  компаниясы өндүрүп жаткан Т-629 үлгүсүндөгү тик учак азыртан эле чоң резонанс жаратты.

27 Şubat 2021 00:58

Соңку жылдары Түркиянын коргонуу өндүрүшү өнүгүп, ири долбоорлор иштелип чыгууда. Алардын бири, Т-629 үлгүсүндөгү тик учак.

Аталган тик учакты  TUSAŞ  компаниясы өндүрүүдө.

Тик учак электр энергиясы менен иштейт жана учкучу жок жүрө алат.   

Изилдөөчү  Юсуф Акбабанын маалыматына караганда, Т-629 үлгүсүндөгү тик учагынын курал станциялары чардак канат түрүндө.

Тик учактын бир катар жерлерине камера орнотулган.

Ал эми анын кыймылдаткычы туралуу азырынча так маалымат бериле элек. Бирок азыркыга чейин бөлүшүлгөн маалыматтарга таянып, кыймылдаткычты "революция" деп атасак болот.

Тик учак пилотсуз болгондуктан кооптуу аймактарга оңой кирип, катуу кагылышуудагы аскерлерге жана бронетехникага колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ошондой эле, төмөнкү бийиктиктеги жыш аралдары бар деңиздерде чалгындоо жана байкоо жүргүзүү миссияларын аткара алат.

Электр энергиясы менен жүргөндүктөн катуу үн чыгарбайт.

Жаңылыктар