2022

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурса шаары 2022-жылы туризмдин жылдызына айланат

2022-жыл үчүн «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган Бурса шаарында бир катар иш-чаралар уюштурулуп, түрк дүйнөсүнөн туристтерди кабыл алат

23 Aralık 2021 13:35

Бурса шаары 2022-жыл үчүн «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланганы маалым. Түркиянын саякат агенттиктери бирикмесинин Түштүк Мармара аймактык өкүлчүлүгүнүн төрагасы Мурат Сарачоглу баса белгилегендей, Бурсанын маданий борбор болушу бекеринен эмес. Шаар, тамырлуу тарыхы, бай маданияты, кайталангыс жаратылышы жана туризм мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлөнүп турат.

2022-жылы Бурса шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, «Коркут Ата-түрк дүйнөсү» кинофестивалынын экинчиси жана башка бир катар спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Айрым эл аралык жарманкелер уюштурулуп, түрк дүйнөсүнөн коноктор чакырылат.

Сарачоглунун айтымында иш чараларга Бурсалыктар да активдүү катышат да шаар маданият жана искусствонун маанилүү борборуна айланат.

Учурда, Бурса облустук админтрациясы, Бурса шаарынын мериясы, Маданият жана туризм министрлигинин Бурсадагы өкүлчүлүгү иш-чараларды уюштуруу жаатында иштеп жатышат. Ал эми Түркиянын саякат агенттиктери бирикмесинин Түштүк Мармара аймактык өкүлчүлүгү, трансфер, экскурсия жана туристтик маршруттардын үстүндө иштөөдө.

Иш-чаралар шаардын борборунда гана эмес,  район, айылдарда да өтөт. Алсак жазгысын Орханелиде рафтинг сунушталат. Бурса шаардык соода жана өнөр жай палатасы негиздеген Гөкмен космостук жана авиация борбору, Панорама 1326 Бурса музейи, Гөлязы, Тирилье жана Изник туристик аймактары көңүл чордонунда болот. Аймактын саламаттык туризм тармагындагы дарамети таанытылат.

Кыскасы 2020-жылы Бурсада илим, адабият, искусство, гастрономия, симпозиум, концерт, баарлашуу жана көргөзмөлөр уюштурулат.  

 

Anahtar Kelimeler: Бурса, «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»,

Жаңылыктар