"Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" Бурсада аял сүрөтчүлөрдүн көргөзмөзү ачылды

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан 2022-жыл үчүн "Түрк дүйнөснүнү маданий борбору" деп жарыяланган Бурса шаарында "Фемин-арт" аталыштагы эл аралык сүрөт көргөзмө ачылды.

29 Mart 2022 19:06

Бурса шаарындагы маданий борбордо ачылган көргөзмөгө 84 сүрөтчүнүн эмгектери коюлган.

Маданий иш-чаранын ачылышына Бурса шаарынын вице-мэри Халиде Серпил Шахин катышты. Ал көргөзмөгө 100дөн ашык эмгек коюлганын маалымдады. Өз кезегинде 2022-жыл үчүн "Түрк дүйнөсүнүн мадании борбору» деп тандалып алган Бурса шаарында, бул жылы, бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн, алардын дээрлик бардыгы түрк дүйнөсүнүн маданиятын танытууга багытталарын маалымдады. Учурдан пайдаланып, иш-чарага активдүү катышып жаткан коомдук жарандык уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле сүрөт көргөзмөгө катышкан аял сүрөтчүлөрдү куттуктады.

 

 

Anahtar Kelimeler: Бурса, сүрөт көргөзмө,

Жаңылыктар