Түрк дүйнөсүнүн орток майрамы-Нооруз

Нооруз-түрк элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. Бүгүн бир катар өлкөлөрдө Нооруз майрамы шаңдуу белгиленүүдө.

22 Mart 2022 12:42

Түрк тилдүү элдер эзелтен дүйнөнүн башка элдериндей болуп төрт мезгилдин ар кайсы айларында өздөрүнүн салттуу майрамдарын майрамдап келишкен.

Ошол майрамдардын бири – «Нооруз»

«Нооруз» - «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет.

Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздар да күн түндүн теңелген күнүн жаңы жыл – Нооруз деп белгилешкен.

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамы бир катар мамлекеттерде шаңдуу белгиленүүдө. 

Кыргызстандык Анар Бейкова баса белгилегендей жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Илгери нооруз күнү бир кош өгузгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

 

Anahtar Kelimeler: нооруз, түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар