Түрк дүйнөсүнүн ойчул акыны - Коркут Ата

Коркут Ата түрк тилдүү элдерде акын, жамакчы жана улуу даанышман катары таанымал. Ал, түрк элдеринин жүрөгүнөн түнөк тапкан улуу олуя.

11 Haziran 2021 23:56

Коркут Ата – түрк тилдүү элдерден чыккан көрөгөч, ойчул, комузчу жана акын болгон. Аны «акындардын атасы» деп баалашкан. Ырларында эрендердин эрдигин, марттыгын даңазалаган. Мекенге болгон сүйүү, элге, жерге болгон берилгендик анын чыгармаларында өзгөчө орунду ээлейт.

Айрым маалыматтарда Коркут Ата – Огуздардын баят уруусунан чыккан дешсе, айрымдары Кайы уруусунан чыккан деп айтышат.

Бир катар академиктер Коркут Атаны улуу ойчул акын, көрөгөч олуя катары баалашкан. Белгилүү иликтөөчү проф. док. Фуат Көпрүлүнүн «Таразанын бир чөйчөгүнө түрк элдеринин адабиятын, экинчисине Коркут Атаны койсоңуз, Коркут Ата турган тарап оордук кылат»,-деп айтканы бар.

«Коркут Ата дастаны»

Коркут Ата түрк элдерине «Коркут Ата дастаны» аталыштагы  көнөргүс мурасты тартуулап кеткен.

«Коркут Ата дастаны»- орто кылымдагы огуздардан бизге жеткен жападан жалгыз адабий эстелик жана түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгынын көрнүктүү үлгүсү. Бул чыгарма түрк тилинде жарымы кара сөз, жарымы ыр түрүндө жазылган “кичи эпос”. Башкача айтканда китеп кириш сөзү менен башталып, 12 дастан менен толукталган. Китептин 12 нускасы Германиянын Дрезден шаарында, 6 нускасы Ватиканда сакталуу.

 

 

Anahtar Kelimeler: Коркут Ата, көрөгөч, ойчул, комузчу, акын,

Жаңылыктар