Түрк Дүйнөсүнүн парламентарлар биримдигинин төрагасы Наил Челеби Казакстандагы окуяларга баа берди

Түрк Дүйнөсүнүн парламентарлар биримдигинин төрагасы Наил Челеби Казакстандагы окуялардын мүмкүн болушунча тезирээк жөнгө салынышы жана жашоонун калыбына келишине тилектештик билдирди.

07 Ocak 2022 18:44

 

Наил Челеби Казакстандагы окуяларга кайгыруу жана тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.

Окуялардын шаар борборлоруна жайылышы, куралдуу кагылышууга айланып, мамлекеттик мекеме-уюмдардын басып алынышы жана талап-тоноолор кокустук эмес экендигин билдирди.

«Жаратылыш газынын баасы көтөрүлдү деген шылтоо менен башталып, бүткүл өлкөгө жайылган террордук актылардын келип чыгуу убактысы кокустук эмес. Окуялар, Түркия менен Казакстандын ортосунда ар тараптуу кызматташтык, интеграция жана стратегиялык жакындашуу күч алып,  Түрк мамлекеттер уюмунун түзүлүп, Орто Азия менен Кавказдагы 5 мамлекет бириге баштаган мезгилиге  туш келди. Бул окуялардын артында башка топтор бар экени эл аралык коомчулуктун да, биздин да көз жаздымыбызда калган жок. Боордош Казакстандагы окуялардын мүмкүн болушунча тезирээк жөнгө салынышына,  жашоонун калыбына келишине жана террорчулардын соттолушуна тилектешпиз. ЖККУнун аскерлери милдетин аткарып, өз өлкөлөрүнө кайтып келишин күтөбүз.

Окуяда каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз.

Ар дайым боордош Казакстандын эли жана мамлекетине колдоо көрсөтөбүз»,-деп жазылат билдирүүдө.

 

 

Anahtar Kelimeler: Наил Челеби, Казакстан,

Жаңылыктар