Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркстан Дүйнөлүк мурас шаарларынын катарына кошулду

Казакстандын түштүгүндөгү Түркстан шаары расмий түрдө Дүйнөлүк Мурас Шаарлар Уюмунун (OWHC) мүчөсү болду.

02 Mart 2021 23:35

2-апрелде Түркстан шаарында Дүйнөлүк Мурас Шаарларынын Евразия боюнча X эл аралык конференциясы өтөт. Бул туралуу Түркстан облустук башкаруусунан билдиришти.

Билдирүүдө, түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркстан шаарынын расмий түрдө Дүйнөлүк Мурас Шаарлар Уюмуна (OWHC) мүчө болгону айтылат. Аталган уюмга мүчө болуу менен шаардын статусу жогорулай тургандыгы баса белгиленген.

«Көк түстөгү куполу менен бүткүл дүйнөнү багындырган Түркстандагы Ахмет Ясавиини күмбөзү эми туристтердин көңүл чордонунда болот»,- деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек Дүйнөлүк Мурас Шаарлар Уюму 1993-жылы Марокконун Фес шаарында түзүлгөн. Уюм, ЮНЕСКО тарабынан корголуучу мурастарды башкаруу методдорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну көздөйт.

Anahtar Kelimeler: Түркстан, дүйнөлүк мурас, Ахмет Ясави,

Жаңылыктар